Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан “Бузуулар кодексинин” айрым беренелерине кошумча жана өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор сунушталган. Жогорку Кеңештин чечими чыкса, 3 миң сомдук айыптар 1 миң сомго төмөндөтүлөт.
Жол кыймыл эрежелеринин айрым бузууларына карата айып өлчөмдөр азайтылууда деген кабар көпчүлүк айдоочуларды кубандырууда. Адамдардын өмүрүнө кооптулук жараткан, тагыраак айтканда, мас абалында унааны башкаруу, каршы тилкеге чыгуу, жол чырактан эрежеге ылайыксыз өтүп кетүү сыяктуу жол кыймыл эрежелерин бузууларга айыпты азайтуунун зарылдыгы жок экендигин айрым серепчилер айтышат.
Өлкө аймагында “Коопсуз шаар” долбоору менен “Бузуулар боюнча Кодекс иштей баштагандан бери айыптардын баасы тууралуу коомчулукта ар кандай ойлор айтылып келүүдө. Ушул жагдайды эске алуу менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан “Бузуулар кодексинин” кээ бир беренелерине кошумча жана өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор өкмөткө сунушталган. Ал Жогорку Кеңештин 2-окуусунда каралганы турат. Эгер долбоор жактырылса, жол кыймыл эрежелеринин айрым бузууларынын айыбы 3 миң сомдон, 1 миң сомго чейин азайтылат. Алар төмөнкүлөр:
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашырууда жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарын так аткарганга, жана коомдук коопсуздукту сактоого чоң өбөлгө болот.