Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт

4-5-ноябрда өлкөдө аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. 

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана тоолуу аймактарда малды кармоону кыйындатат.