Жаңылыктар
Ички иштер орган кызматкерлеринин маянасы жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер орган кызматкерлеринин маянасы жогорулайт

2020-жылдын 1-январынан тарта ички иштер орган кызматкерлеринин маянасы кыйла жогорулайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Ал белгилегендей, милициянын иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдо мамлекет тарабынан мүмкүн болгон бардык аракеттер жасалууда. 

Атап айтканда, ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн республиканын бардык аймактарында көп кабаттуу турак-жайларды куруу иштери улантылат. Келээрки жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда жайгашкан алты үйдүн курулушу аяктайт.