Жаңылыктар
Cот департаментинин уюшулгандыгына 25 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Cот департаментинин уюшулгандыгына 25 жыл болду

Жогорку сотко караштуу сот департаментинин уюшулгандыгына 25 жыл болду. Сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иштерди аткаруучу орган чейрек кылымда кандай өзгөрүүлөргө учурап, жетишкендиктерге ээ болду.

Сот тутумунда отуз алты жылдан бери эмгектенген Жылдызбек Кудаяров калыстыкты, адилеттикти туу туткан кесибинде жоопкерчилик, берилгендик менен иштеп жүрүп судьялык кызматтан жетекчилик кызматка чейин жетти. Учурда Сот департаментиндеги мындан 2 жыл мурда түзүлгөн Сот приставы институтунда иштейт.

Сот процесси өтүп жаткан учурда кооптуу учурлар орун алган жагдайлар бар. Бул себептүү имараттын коомдук-тартибин, соттордун жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ушул орган түптөлгөн. Алар сот актыларынын аткарылышында, соттордун ишинде процессуалдык маселелер жаралганда, сот өндүрүшүн аткарып жатканда да көмөктөшүп, иштерин жеңилдетет. Негизи соттор, сот адилеттигин гана жүргүзүш керек. Ал эми кадрлар менен камсыз кылуу, уюштуруучулук, чарбачылык иштеринин бардыгы Сот департаментинин милдети.

Өлкө көз карандысыздык алган жылдары сот тутумун реформалоо зарылчылыгы пайда болгон. Сот администрациясы, соттордун кеңеши түзүлгөн. Алгач аткаруу бийлигинин тутумунда болуп, Адилет министрлиги камсыз кылчу. Бүгүнкү күндө Жогорку сотко караштуу болгон сот департаменти чейрек кылымдык тарыхында сапаттык, сандык жана ишмердүүлүк жагынан да бир топ өсүштөргө жетти.

Сот департаментинин карамагында 77 сот имараты бар. Өткөн жылы дагы жаңы имараттарды куруп, эксплуатацияга беришкен. Аткаруу жыйынынан мамлекеттин пайдасына өндүрүлүүчү суммалардын пайыздык көрсөткүчтөрүн жогорулатып, мамлекеттин бюджетин толуктоого да өз салымдарын кошуп келишүүдө.

Жалпы сот тутумунда көз карандысыз, ачык айкын жана адилеттүү сот системасын түзүүгө болгон иш аракеттер күчөтүлгөн. Ушул жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер ишке кирип, судьялыкка кадрларды тандоо, пробация, тергөөчү судья институтун ишке киргизүү, кылмыш иштеринин мөөнөтү, сот чечимдерин санариптештирүү жана сот отурумдарын аудио-видео тасмага тартуу иштери акырындап ишке ашырылууда. Элдин сотторго болгон ишенимин жогорулатуу үчүн сот тармагындагылар таза, адилет иштеп башкаларга үлгү болушу керек. Андыктан паракорчулук менен күрөшүү Сот тармагындагылардын эң башкы максатына айланышы абзел экендигин айтышат Сот департаментиндегилер.