Жаңылыктар
Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

"Менин милициям мени коргойт" деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу- эң башкы милдет. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Өлкөнүн күч түзүмдөрү үзүрлүү жана даңктуу жолду басып өткөнүн айткан мамлекет башчы, совет бийлигин орнотууда, терроризм менен күрөшүүдө милиция чоң роль ойногонуна өзгөчө токтолду. Кийинки оор мезгилде дагы ички иштер органдары мурдагыдай күжүрмөн жөндөмүн жоготпой, мыйзамдуулукту орнотуу, коомдук тртипти коргоо, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында чечкиндүү иштерди аткарганын айтты.

“Укук коргоо органдарынын ошол кездеги натыйжалуу аракети менен өлкөнүн коопсуз өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлгөн. Улуулардын даңктуу жолун улап, өз милдетин намыс менен аткарган, милициянын сыймыгы болгон, чыныгы кесипкөйлөр өсүп чыкты”,- деди Президент.

Ошондой эле, мамлекет башчы жүрүп жаткан реформалардын алкагында укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу башкы маселе экенине басым жасады. Президент Ички иштер министрлигине кадрлардын сапатын кескин жакшыртуу талабын койду.