Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы жаштар мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, алар зор социалдык-экономикалык, маданий жана илимий дараметке ээ экенин белгиледи. Ал жаштарды коомдук-саясий ишмердүүлүк менен камтуу, алардын саясий партияларга катышуусу жана мамлекеттик институттар менен өз ара кызматташуу деңгээли анча жогору эмес экенине дагы токтолду.
Ошондой эле премьер-министр өзүн-өзү өнүктүрүү, маалыматтык агартуучулук жана жарандык активдүүлүк максатында коомдун өнүгүүсү үчүн жаштардын Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн - өзүнчө алынган "санариптик дивиденддерди" өздөштүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну талап кыла турганын айтты. Жаштардын 26 пайызы гана Интернетти билим берүү ресурстарынын жеткиликтүү болушу үчүн колдонот, 26,8 пайызы - жаңылыктар жана маалымат ресурстары үчүн, 5,7 пайызы - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн пайдаланат.
«Жаштар менен иш алып барууда маданият тармагы кыйла опурталдуу чөйрө болуп саналат. Статистика боюнча, жаштардын 16% гана китеп окушат же театрга, музейге, көргөзмөлөргө барышат. Биз акыркы жылдары сезимдүү жаштардын саны өсүп жатканына күбөбүз, бирок кырдаал кыйын бойдон калууда. Жаштардын ден соолугуна мамлекет тараптан дагы, өздөрү дагы көбүрөөк көңүл буруусу керек. Жаштардын көпчүлүк бөлүгү өзүнүн саламаттыгына кам көрбөйт",- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.