Жаңылыктар
Улукбек Жолдошбеков кыргыз желегин дүйнө чемпионатында желбиретти
Спорт
Улукбек Жолдошбеков кыргыз желегин дүйнө чемпионатында желбиретти

Балбан Улукбек Жолдошбеков 23 жашка чейинки балбандар арасында эркин курөш боюнча Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Эркин күрөштүн U23 версиясы боюнча дүйнө чемпиону 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Венгриянын борбору Будапештте өтүүдө. 30-октябрда Улукбек Жолдошбеков финалда Индиялык балбан менен кез келип 5:3 эсеби менен атаандашын жеңген. 

Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын жаз мезгилинде эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпиону аталган.