Баткен облусунун коңшу Тажикстан менен чек аралаш аймактарындагы айылдарда жыл өткөн сайын калктын саны өсүүдө. Мындан улам, элет муктаждыктарын жөнгө салуу үчүн мамлекет тарабынан жол, суу жана инфратүзүмдү жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатат.
Лейлек районунун Максат айылындагы 1 миң 800 гектар жерди өздөштүрүү долбоору өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө. Ал эми Баткен районунун Ак-Сай айылында бүгүнкү күндө зарыл болгон бардык муктаждыктар чечилди.
Калктын саны өскөндүгүнө байланыштуу 200гө жакын тургунга 97 гектар жер бөлүнүп, бүгүнкү күндө турак жай курулууда.