Жаңылыктар
Чет жердеги мекендештерге кандай камкордуктар көрүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Чет жердеги мекендештерге кандай камкордуктар көрүлүүдө?

Акыркы эки жылдан бери чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн мекендештерге колдоо көрсөтүү боюнча бир топ жумуштар аткарылды. Маселен, буга чейин Мекен карт долбоору мыйзам катары иштелип чыгып, биринчи окууда кабыл алынган. 


Ал башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргыз мигранттарынын Кыргызстанга эркин кирип чыгуусун шарттайт. Миңге жакын этникалык кыргыздарга кайрылман макамы берилди. Ошондой эле, Россияда иштеп жаткан кыргыз жарандарынын эмгек акыларын кайтаруу боюнча аракети жакшы натыйжа берди. 


2017-жылдан бери өкүлчүлүк 6 миңден ашык адамга жардам беришти, мындан сырткары 10 миңдей кыргыз жарандары ар кандай маселелер боюнча кеңештерди алышкан. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кыргыз жарандарынын иштөө шарттары да жакшырды. Мурдагыдай патент, жумушка уруксат алуу талаптары жоюлган. Бирок, эмгек келишимин түзүп коюу мигранттардын өздөрүнө эле жакшы.


Кыргызстандан кеткен эмгек мигранттары азыркы учурда дүйнөнүн булуң бурчунда бар. Эң көбү Орусияда, 800 миңге жакын. Мындан сырткары Казакстан, Түркия, Европа, Америка жана күн чыгыш өлкөлөрүндө иштеп жашап жүрүшөт. Быйыл президенттин төрагалыгы алдында чет элдеги мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Анда Мекен карт долбоору демилгеленип, ал мыйзам катары иштелип чыккан. Документ башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргыз мигранттарынын Кыргызстанга эркин кирип чыгуусун шарттайт.