Турдакун Усубалиев жетектеп турган жылдарда Кыргызстанда өнүгүү 3 эсеге көтөрүлгөн. Мындай пикирлер, Ошто өткөн илимий-практикалык жыйында айтылды. Конференцияга коомдук ишмерлер, окутуучулар жана студенттер катышты. Иш-чара Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча президенттин жарлыгынын алкагында өткөрүлүүдө.
Турдакун Усубалиев эмгек жолун 1938-жылы Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылындагы мектепте мугалим болуудан баштаган. Кийин мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын басып өтүп, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп, республиканы дээрлик чейрек кылым башкарган. Парламентте депутат болгон. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Усубалиевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө болгон салымын белгиледи.
Ош облусунда 14 жыл эмгектенген коомдук ишмер Апаз Жумагуловдун эскерүүсүндө, Усубалиев өмүрүнүн дээрлик 67 жылын мамлекеттик кызматтарда өткөргөн. Бул анын кесипкөйлүүлүгү менен тазалыгынан кабар берет.
Турдакун Усубалиев жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда өнүгүү 3 эсеге өскөн. 100дөн ашуун өнөр жай ишканалары, анын ичинде ГЭСтер, эл аралык „Манас“ аэропорту курулган. Кыргыз маданиятынын алтын доору түптөлгөн. Ондогон маданий жайлар, китепканалар, музей, заводдор курулган. Анын эмгек жолу бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн үлгү.