Кыргызстандын Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Сыйлыкты ыйгаруу боюнча чечимди комиссия 8-ноябрга чейин кабыл алышы зарыл. Эске салсак, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. Негизги максаты - мекенчил маанайдагы мыкты жаштарды тарбиялоо болуп эсептелет. Сыйлык 11 аталыш боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.