2020-жылы өлкөдөгү жолдорду оңдоп-түзөөгө бюджеттен 4,5 млрд. сом керектелет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Содомбаев билдирди. Маалым болгондой, министрликте жол тармагынын келерки жылга бюджети түзүлүп жатат.
Республикалык бюджеттен жол тармагына 1 млрд. 700 млн. сом бөлүнөөрү пландалууда. Бирок Жумаш Содомбаевдин айтымында жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 4,5 млрд. сом керектелет. Анын 2 млрд. сом Балыкчы - Корумду жолун бүтүрүүгө жумшалмак.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 34 миң чакырым жол бар. Анын 17 миң чакырымы Транспорт жана жолдор министрлигинин көзөмөлүндө.
"1 млрд. 700 млн. сомду түзүп жатат жол тармагына бөлүнө турган бюджет. Анын ичинен толук ремонтко 100 млн., жолдорду калыбына келтирүүгө 120 млн. сом керектелет",-дейт Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Содомбаев.