Заманбап үлгүдөгү мектеп демөөрчүлөрдүн, жергиликтүүлөрдүн салымы менен курулган. Эске салсак, жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан мектептин эски имараты авариялык абалда деп табылган. Кочкор районуна караштуу Арсы орто мектеби 1960-жылы ашар жолу менен 4 класстык бөлмө иретинде гана салынган. Тар бөлмөлөрдө окутуу болбогондон кийин, окуучулар айыл өкмөттүн имаратында билим алышчу.
Эми ал көйгөйдүн бары артта калды. 150 орунга ылайыкташтырылган мектеп курулуп, ишке берилди. Ал “Ассанабилл” коомдук фондунун программасы жана жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен салынды. Мектептин класстык бөлмөлөрү кенен, окуучуларга ыңгайлуу эмеректер коюлган. Жылытуу тутуму иштейт. Ашканасы 60 орунга мерчемделген. Элеттеги билим берүү тармагына түзүлгөн шартка агартуучулар ыраазы. Ошондой эле, 225 орунга ылайыкталып салынган мектеп Мантыш айылында да пайдаланууга берилген. Баардык шарттары бар билим уясы аталган фонддун жардамы менен курулган.