Кыргызстан менен Түркиянын медицина тармагындагы кызматташтыктын алкагында, тажрыйбалуу адистер Бишкек шаарында көзгө операция жасап, жарандарга көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулоодо.
Отуз жылдык тажрыйбасы бар дарыгер-офтальмолог Хусейин Авни Санисоглу көздүн торчосундагы ооруларды 25 жылдан бери изилдеп келет. Анын айтымында, көздүн патологиясын хирургиялык жол менен дарылоо Кыргызстанда дүйнөлүк ооруканалардын деңгээлинде болушу зарыл. Дарыгерлердин айтымында, азыркы убакта көз оорулары жашарууда.
Мунун себеби - заманбап чөнтөк телефондор, жашоодо техникалык жабдуулардын көп пайдаланылышы. Натыйжада дарыгерге көп учурда көздүн ичинин кургоосу, сезгенүү, көрүүнүн начарлоосунун айынан кайрылышат. Ал эми улгайган жаш курактагыларга айтылган оорулардан сырткары чел каптоо, глаукома, көздөгү сары тактын бузулуусу маселе жаратат. Медициналык борбордо көздүн көрүү талаасын өлчөөчү, оптикалык когеренттик томография, тонометр жана башка жабдуулар колдонулат.
Көздүн жугуштуу оорусу, көздүн күйүшү, каректин соолушу жана башка көз ооруларынан толук көрбөй калууга мүмкүн. Аны алдын-алуу үчүн оорунун биринчи белгилери билинер замат дарыгерге кайрылуу керек. Көптөн бери көз оорусуна чалдыккан бейтап ушул жерден операция болуп, өзүн жакшы сезип калганын билдирди. Медициналык борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн достук мамилелерин жана кызматташтыгын бекемдөө. Көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгер Хусейин бейтаптарга кудуреттүү жашоого мүмкүнчүлүк бергиси келет.