Жаңылыктар
Кылмыштарды жашырууга бөгөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыштарды жашырууга бөгөт

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жаңы функциялар кошулуп, аны пайдалануу боюнча укук коргоо органдары атайын окуудан өтүшүүдө. Жыл башынан бери иштей баштаган тутумга жүз жыйырма миңдей иш катталып, алардын 73 миңи учурда сотко чейинки өндүрүштө. 

Тартип сакчылары кылмыш иштери боюнча материалдарында мурдагыдай топ кагаздарын колдонбойт. Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри бюрократиядан арылып, тергөөнүн ачыктыгын камсыз кылуу максатында ишке киргизилген. Учурда бардык укук коргоо органдары аталган тутум менен иш алып барат. Маселен Бишкек шаары боюнча учурда 35 миңден ашуун кылмыш жана жорук сотко чейинки өндүрүштө.

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштердин санын талдасак, ар аймактарда калктын санына жараша көрсөткүч бар. Бирдиктүү реестрди бардык укук коргоо органдары колдонууда. Эми алардын бири-бири менен байланышын камсыз кыла турган функция ишке ашырылат. Жыл башында сот-укуктук реформанын алкагында “Кылмыштар менен жоруктардын” кодекси күчүнө кирген. Бирдиктүү реестр аны утурлай иштей баштаган. Укук коргоо органдары кылмыш менен жорукту ажырата билиши үчүн да бир катар окутуулар жүргүзүлгөн.