Анын жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бишкек - Кара-Балта жолунун 40 пайызы аяктап калды. Мындан сырткары ички жолдорду оңдоп түзөө иштери уланууда. Быйыл 300 чакырымдан ашык жол ремонттон өткөрүлдү. Ага катар аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырымдан жол салуу тапшырмасы коюлган.
Көп жылдардан бери айыл жеринде жана райондук борборлордо жол маселеси көңүл сыртында калып келген. Алыскы аймактарда жолдорду калыбына келтирүү иштери 2017-жылдан тарта башталган. Былтыр мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ар бир райондук борбордо 3 чакырымдан жол куруу милдети коюлган. Ага катар өлкө аймагында жолдорду асфальттоо жана айрымдарында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.