Жаңылыктар
Cугат суу муктаждыгы чечилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Cугат суу муктаждыгы чечилүүдө

Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, суу чарбасына, ирригация жана мелиорацияга өзгөчө көңүл бурулууда. Анын үстүнө өлкө калкынын 70 %ы элет жеринде жашагандыктан, жер менен жан багат. Ошондуктан, суунун молдугу түшүмдүн өбөлгөсү. 

Сугат суу маселесин чечүү - артыкчылыктуу максат катары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга камтылган. 2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Ага ылайык, жалпы 44 ирригациялык объектини куруу мерчемделген. Мындан улам, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында ирригация маселеси чечилүүдө.