Жаңылыктар
Жакынкы күндөрү Бишкекке жылуулук берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жакынкы күндөрү Бишкекке жылуулук берилет

Бишкек шаардык мэрия 1-ноябрдан тарта жылуулук берүүнү пландап жатат. Жылуулук берүү боюнча тиешелүү тармактарга тапшырма берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Бүгүн, Бишкек шаардык мэриясында кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу жыйын өтөт. Дем алыш күндөрү калаа башчысы Азиз Суракматов орун басарлары менен бирге борбордогу ар бир райондун даярдык иштерин текшерип чыккан. 

Шаар башчысы мектеп, бала бакчалардагы абал менен таанышып, директорлор менен бирге класстардын жылуулуктарын көрүп чыкты. Ошондой эле, шаардык ооруканалар боюнча маалымат алган.