Кыргызстан мындан 4 жыл мурун дүйнөдөгү эң ири экономикалык уюмдардын бири болгон- Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп кирген. Беш мамлекеттен турган биримдиктин негизги ишмердиги төрт эркиндикке багытталган. Товар жүгүртүү, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчүн пайдалануу эркиндиги. Азыркы учурда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге айыл чарба азыктарын, эт сүт, картошка, бал азыктары, дегеле өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын бардык түрүн экспорттоп жатат.
Биримдиктин алкагындагы интеграциядан улам ишкерлердин эркин иш алып баруусуна көп шарттар түзүлдү. Көп жеңилдиктерге ээ болуп жатканыбыз менен биримдиктин ортосундагы кызматташтыкта айрым тоскоолдуктар да бар. Бирок мунун баары чечиле турган маселелер. Негизи тапшырма уюмга мүчө мамлекеттердин ишкерлерине бирдей мүмкүнчүлүк түзүп, атаандаштыкта иш алып барууга шарт түзүп берүү. Мына ушул маселер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Орусияда, Москва шаарында өткөн өкмөт башчыларынын жыйынында талкууланды. Анда мамлекеттердин санариптик өнүгүүсү жана маалымат коопсуздугуна басып жасалды.