Жаңылыктар
Санариптик өнүгүү маселеси учурда Кыргызстандын өзүндө да негизги маселелерден болуп турат
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик өнүгүү маселеси учурда Кыргызстандын өзүндө да негизги маселелерден болуп турат

Быйыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жарыяланып, бул багытта жигердүү иштердин башталганына 10 айдын жүзү болуп калды. Санариптештирүүгө арналып жыл жарыялангандан сырткары азыркы учурда 2019-23-жылдарга карата кабыл алынган “Санарип Кыргызстан” концепциясы иштеп жатат. Дал ушул заманбап санарип технологияларын ишке киргизүү менен элдин күнүмдүк жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келүү- мамлекетти өнүктүрүү саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары кабыл алынган.

Санариптештирүүнүн алкагында электрондук ыкмалар мамлекеттик кызмат көрсөтүү багытындагы бардык тармактарга киргизилмекчи. Билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарына артыкчылыктуу тартипте, ага катар балага сүйүнчү, жөлөк пул, пенсия сыяктуу социалдык кызматтарга киргизилүүдө. Санариптик технологиялар аркылуу ишкер чөйрөгө шарт түзүп берүү негизги максат катары турат. Чет мамлекеттер менен байланыш түзүп, товар экспорттоо, аларды сатуу үчүн базарлардын аймагын кеңейтүү- иштери да азыркы глобалдашуу заманында санарип технологияларга байланууда.

Санариптеширүүнүн негизги компоненттеринин бири - интернет менен камсыз кылуу. Мейли мамлекеттик кызматтарды, мейли жеке жактарды болбосун. Буга чейин өлкө жетекчилиги тарабдынан Кыргызстан санариптик трансформациялоо багытында аймактагы лидер мамлекетке айланышы керек деген тапшырма коюлган. Бул - өлкөнүн санариптик мамлекет куруудагы башкы максаттарынын бири. Учурда “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү тутумун жакшыртып, мамлекеттик кызматтарды толугу менен санарип ыкмага өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат.