Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматына 10 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик каттоо кызматына 10 жыл

Жыл аягына чейин өлкөдө дагы үч "Калкты тейлөө" борбору ачылат. Бул жолу Сузак, Өзгөн жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары сапаттуу мамлекеттик кызматтарды жеринде ала баштайт. Ошондо Кыргызстан боюнча Калкты тейлөө борборлорунун жалпы саны 22ге жетет. 

Санариптештирүүнүн көч башы деп эсептелген Мамлекеттик каттоо кызматы 10 жылдык маарекесин белгилеп жатат. Мекеме эл аралык талаптарга жооп берген биометрикалык паспортторду, башка документтердин түрүн берүүгө жетишти. Ачык жана таза шайлоолорду өткөрүүгө биометрикалык каттоо жүргүзүп, шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүүгө олуттуу салым кошту.