Бишкекте 15-ноябрдан тарта муздак суу менен агынды суу тутумун колдонуу тарифи жогорулайт. Тийиштүү токтомду Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Ал эми сунушту "Бишкек суу каналы" берген. Ага ылайык, 1 миң литр муздак суунун тарифи калк үчүн 8 сом 10 тыйынга, ал эми агынды суу тутумун колдонуу — 2 сом 30 тыйынга жогорулайт.
Бюджеттик уюмдар үчүн таза суу 9 сом 10 тыйынга, агынды суу тутуму 3 сомго көтөрүлөт. Башка колдонуучулар муздак суу үчүн 13 сом, агынды тутуму үчүн 6 сом төлөйт. "Бүгүнкү күндө 1 миң литр муздак суу үчүн жарандар 5 сом 3 тыйын төлөшөт. Бирок суунун бул көлөмдөгү өздүк баасы 8 сомду түзөт. Ал эми агынды үчүн жарандар 1 сом 20 тыйын төлөшсө, өздүк баасы 3 сомго чыгып кетип жатат", - дешти мэриядан.
Муниципалитет акыркы кезде "Бишкек суу канал" ишканасы чыгым тартып жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, аталган ишкана 2017-жылы 94,2 миллион сом, 2018-жылы 89,8 миллион сом чыгым тарткан.