Кыргызстанда жергиликтүү жамааттардын ишкерчилигин өнүктүрүүгө чоң маани берилет. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев жергиликтүү жамааттардын күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.
Белгилей кетсек, жергиликтүү жамааттардын күнүн белгилөө боюнча өкмөттүн токтому 2003-жылы кабыл алынып, октябрдын акыркы жекшемби күнүнө туура келет. Жыйында түрдүү этностордун жамааттары ишкерчиликти өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Айтымдарында, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү коомчулуктун катышуусу менен натыйжалуу чечүүгө болот.
"Мамлекеттин эн башкы байлыгы бул - эл. Бардык аткарылган иштер элге багытталып, мамлекеттик органдардын иштери жергиликтуу элдин койгойун чечууго аракет журуп жатат",- деди Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев.