Жаңылыктар
Паспорт, күбөлүк алуу процедурасы жеңилдетилди
Кыргызстан жаңылыктары
Паспорт, күбөлүк алуу процедурасы жеңилдетилди

Жыл аягына чейин өздүк документи жок жарандарга паспорт, күбөлүк алуу процедурасы жеңилдетилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда, өздүгүн далилдеген документи жок жарандар арбын.

Жарандарга документ берүү акциясынын бир жарым айында эле 700дөн ашуун баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталды. Министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте 250 балага документ алууга көмөктөштү.