Ак-Түз алтын кенинде абал тынч эмес. Эми ал жакта иштеп жаткан компанияны жасалма банкрот кылуу башталды. Бул туурасында учурда Ак-Түздө иштеп жаткан “ГЕО Ресурс” компаниясынын директору Алексей Улагашов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аталган компанияны банкрот кылып, алтын кенди иштетүү лицензиясын тартып алууга кызыктар болгондор бар.
Улагашов кошумчалагандай, Чүй райондор аралык соту талаштуу карызды тактабай туруп банкрот деп тааныса, Чүй облустук соту ал карызды төлөсөк дагы банкрот деп чечим чыгарып берген. “ГЕО Ресурс” компаниясы бул жагдай боюнча экономика министрлигине жана башка тиешелүү органдарга бир нече ирээт кайрылган бирок жыйынтык чыккан эмес.
Тескерисинче экономика министрлиги конфликте түздөн-түз кызыкчылыгы бар адамды атайын администратор кылып дайындап койгон. Белгилей кетсек учурда Кемин районундагы Ак-Түз алтын кенинде 300дөн ашуун жергиликтүү тургундар иштешет. Кенге иштетүүгө лицензия алган “ГЕО Ресурс” компаниясы учурда ата мекендик “ТИ Майнинг” компаниясы менен өнөктөш болуп, акцияларын мөөнөтүн узартып төлөө жолу менен саткан.