Жаңылыктар
Атамбаевдин кол тийбестигин алуунун мыйзамдуулугу каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаевдин кол тийбестигин алуунун мыйзамдуулугу каралууда

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын 23-октябрь кечке чейин карады. Иш күнү аяктаганына байланыштуу ишти кароо 24-октябрга калтырылды. 

Ошондой эле, соттук коллегиядан судья Эркинбек Мамыровду чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирилди. Мамыров "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзам боюнча чечим кабыл алына электе эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке пикирин билдиргени үчүн, бул ишти кароого катышпашы керек экени айтылды. Кеңешүүдөн кийин соттук коллегия бул өтүнүчтү канааттандырып, Мамыровду курамынан чыгарды.