Жаңылыктар
Ак илбирс байырлаган аймакты чагылдырган эстеликтин ачылышы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ак илбирс байырлаган аймакты чагылдырган эстеликтин ачылышы болду

Бишкекте ак илбирс жана ал байырлаган аймакты чагылдырган эстеликтин ачылыш аземи болду. Ал Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидро-энергетика инситутунун алдына орнотулду. Саамалык ак илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, Германиялык “NABU” уюму тарабынан колдоого алынган. 

Эмгек белгилүү скульптор Марлен Бакачиевдин колунан жаралган. Автор аска-тоолорду байырлаган ак илбирстин айланасындагы аймакты чыгармачылык менен чагылдырган. Анда ак илбирстен башка тоо-текелери, коен жана суурдун айкели кошо камтылган.