Жаңылыктар
Ысык-Көл: мүмкүнчүлүгү чектелген жыйырма адамга коляскалар берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: мүмкүнчүлүгү чектелген жыйырма адамга коляскалар берилди

Ысык-Көл облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жыйырма адамга коляскалар берилди. Ал Бириккен Араб Эмиратындагы кайрымдуулук уюмдарынын биринен келген. Облустук администрациядан билдиришкендей, коляскалар басууга мүмкүнчүлүгү жок, биринчи топтогу жарандарга тапшырылды. 

Белгилей кетсек, жалпы Ысык-Көл облусунда беш миңге жакын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат. Алардын баары мамлекеттин камкордугуна алынган. Кайрымдуулук уюм мындан сырткары турмуш-шарты начар, бирок үйүндө отуруп иштей ала турган жыйырма адамга кийим тигүүчү машиналарды да белеке берип жиберген.