Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү. Жергиликтүү активисттерден турган комитеттер калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чара USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы менен кызматташтыкта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Ош облустарынын төрт районунда жана Бишкек шаарынын тогуз жаңы конушундагы 27 комитеттин иши көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык акыркы жылы зомбулук фактысы боюнча 1250 адам ооруканага кайрылган.