Кыргызстандын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган.
Өлкө ичинде мунайзаттарын өндүрүүдө оңдуу жылыштар болгону менен, калктын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80 пайызы Орусиядан келет. Экономика министрлиги Улутттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып, 2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2 пайыз же 12 млн сомду түзгөнүн маалымдады.