Биринчи октябрга карата «Түндүк электр» ишканасынын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 366,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тогуз айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон карызын 347,6 млн сомго же 48,7 % азайтышкан. Анын ичинде жарандардын дебитордук карызы 312 млн сомго, бюджеттик уюмдардыкы 26,9 млн сомго жана өндүрүш абоненттериники 9,5 млн сомго азайган.
Ал эми айыл чарба керектөөчүлөрү категориясында карыз 215,9 миң сомду түзгөн. «Түндүк электр» ишканасы муну менен аймактардын карыздары азайып жатканын билдирди. Ага ылайык, Борбор калаада 46,6 %, Чүй облусу – 206,9 млн сомго же 52,1 %, Талас облусу - 40,6 млн сомго же 39,6 %га төмөндөгөн.