Жаңылыктар
Кыргызстан адамдарды мажбурлап иштетүүгө каршы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан адамдарды мажбурлап иштетүүгө каршы

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы эл аралык конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясы талкууланды. Талкуу учурунда эл өкүлдөрүнүн айрымдары мыйзам долбооруна карата сын пикирлерин айтышса, кээ бир депутаттар эл аралык конвенцияга кошулууну колдоого алуу зарылдыгын белгилешти.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги адамдарды мажбурлап иштетүү маселесинин жалпы саясатын жүргүзгөн менен, анын тармактары боюнча иш алып баруу милдети белгилүү бир мамлекеттик органга жүктөлгөн. Ошого карабастан, Россия менен Казакстандын аймагында документтери жок кулчулукта жүргөн кыргыз жарандары жөнүндө маалыматтар бар экендигин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоров маалымдады.

Эл өкүлү Максат Сабиров өкмөт өкүлүнөн кыргызстандык канча адам учурда кулчулукта жүргөндүгү тууралуу сурап, так маалымат ала албаганын билдирип, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлиги мыйзам долбоорун сунуштап бул жааттын саясатын жүргүзүп жаткан тармак катары бардыгын колго алышы керектигин  белгиледи.

Жогорку Кеңеш депутаты Анвар Артыков Кыргызстанда адамдарды мажбурлап иштетүү жосуну канчалык жайылганына кызыгып   эл аралык протоколду ратификациялоого эмнелер себеп болгонун жана анын зарылчылыгы канчалык экендиги тууралуу суроо узатты.  

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстандын бул эл аралык конвенцияга кошулушу Евробирликке кирген өлкөлөр менен мамилени жакшыртып, кыргызтандыктардын  чет өлкөлөргө чыгуусуна шарт түзүлүп, жаштардын өнүккөн мамлекеттерден барып билим алуусун кыйла жеңилдете турганын белгилеп, кесиптештерин долбоорду колдоого чакырды.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Сайпидин Султаналиев, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.