Жаңылыктар
Өлкөдө акыркы 2 жылда 300дөн ашык социалдык мекемелер курулуп, ишке берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө акыркы 2 жылда 300дөн ашык социалдык мекемелер курулуп, ишке берилди

Акыркы 2 жылда өлкөдө 300дөн ашык социалдык мекемелердин курулушу бүткөрүлүп, ишке берилди. Алардын ичинде мектеп, бала бакча, спорт зал, ооруканалар жана маданият министрлигине тиешелүү имараттар бар. Айрыкча мектеп курулуштарына көңүл бөлүнүп, бул багытта кошумча коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар да жумшалууда. Өлкөнүн бардык аймактарында социалдык мекемелердин курулушу жүрүп жатат.

Курулуш иштерине коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат жумшалууда. Жалпы сметалык баасы 92 млн. сом болсо, учурда 21 млн. сомго эсептелген жумуштар аткарылды.

Өлкө аймагында мектептердин курулушу коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка, ошондой эле республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчага салынууда. Акыркы 2 жылда 150дөн ашык мектептин курулушу бүтүп ишке берилди. Анда миңдеген окуучулар билим алууда. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, акыркы эки жылда курулган социалдык объектилердин саны 300дөн ашык. Алардын ичинде мектеп, бала бакча, спорт зал, ооруканалар жана маданият министрлигине тиешелүү имараттар бар. Буга кошумча азыркы учурда бүткүл өлкө боюнча 403 мекеменин курулушу жүрүп жатат.

2017-жылы 99 объекти курулган, анын ичинен 46 мектеп, 6 бала бакча, 1 оорукана жана 1 маданият имараты. 2018-жылы 156 социалдык мекеме ишке берилген, анын ичинде 68 мектеп жана 6 бала бакча бар. Быйыл болсо, 58 мекеме курулуп бүтүп ишке берилди, анын ичинде Улуттук көчмөндөр оюндары үчүн курулган эки имарат бар.

Социалдык мекемелердин курулушуна бөлүнгөн каражат дагы жыл санап көбөйүүдө. Быйыл анын көлөмү 2 млрд сомдон ашты. Андан сырткары Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектепке кошумча имарат салуу үчүн коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттан 800 млн сом кошумча берилген.