Жаңылыктар
Машинелерди каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосу жеңилдетилди
Кыргызстан жаңылыктары
Машинелерди каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосу жеңилдетилди

Унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жол-жобосун өзгөртүү чечимине өкмөт башчысы кол койгон. Ага ылайык бир катар эрежелер өзгөрдү.
- юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду;
- транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине “биргелешкен ээси” жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;
- чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;
- ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;
- бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт;
- айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюулду;
- медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;
- чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;
- окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;
- бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер менен жүргүзүлөт.

Өкмөттүн чечими тиешелүү мекеменин ишине дароо таасир этти. “Унаа” ишканасынын автотранспортторду каттоочу кеңсесинде иш кызуу жүрүп жатат. Кезек күтүү көп болсо да, тейлөө тездик менен аткарыла баштады.

Мекеме жаңы эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштады. Аны кайсы өлкөдө болбосун пайдаланууга жол берилет. Ал эми улуттук үлгүдөгү жаңы күбөлүктөр болсо саналуу күндөрдөн кийин бериле баштайт. Автоунаага байланыштуу бардык документтерди алууда көп каражат сарпталбайт.

Ал эми чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоонун жол-жобосун жеңилдетүү инвестициялык абалды жакшыртууга да байланыштуу. Кыргызстанда иш алып баруу үчүн келген башка өлкөнүн жараны эми унааны өзүнө каттап, кайра сата алат.нааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жол-жобосу жеңилдетилди. Бул жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана коррупциянын алдын алууга багытталган чечим. Мындан сырткары унаага байланыштуу документтерди алуунун баалары да төмөндөтүлгөн. Маселен, учурда эл аралык үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 52 сом төлөө эле жетиштүү.