Жаңылыктар
Ноокаттын Кулуштан айылында бала бакча курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокаттын Кулуштан айылында бала бакча курулду

Ноокаттын Кулуштан айылына алгачкы ирет бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. 75 жеткинчекке ылайыкташкан бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 млн сомго курулду. Муну менен Кулатов айыл аймагындагы балдардын бакчага баруусу 70 пайызга камсыздалган. 

Азыркы тапта, дагы бир ушундай бакча Ак-Чал айылындагы жеткинчектер үчүн салынууда. Муну жергиликтүү бийлик айылдык демөөрчү менен биргеликте куруп жатат. Сметалык баасы 21 млн сом. Акыркы эки жылда аталган аймакта 3 бала бакча, бир 200 орундуу типтүү мектеп курулган.