Жаңылыктар
Кара-Тектир айылынын тургундарынын таза суу көйгөйү жакында толук чечилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Тектир айылынын тургундарынын таза суу көйгөйү жакында толук чечилет

Өлкөнүн көп айылдары сыяктуу эле Токтогул районунун айрым айылдарында да таза суу тартыштыгы курч маселелердин бири. Дал ушул ичүүчү суу менен камсыздоону Токтогул районунун тургундары Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда көп көтөрдү. Ошол эле учурда соңку эки жылда таза суу менен камсыздоо жумуштары жигердүү жүрүп жатат. Өзгөчө Аймактарды өнүктүрүү жылында эң алыскы айылдарга чейин ичүүчү суу муктаждыгы чечилүүдө. 

Союз урагандан кийин көпчүлүк аймактарда таза суу менен камсыздоо тутуму талкаланып, скважиналар иштен чыгып, насостук станциялар менен суу түтүктөрү эскиргени эч кимге деле жашыруун эмес. Анын кесепетинен бери дегенде эле 15 жылдан бери таза сууга муктаж болгон элеттиктер бар. Мындан улам, Токтогул районунун элинин президентке узатылган ар бир экинчи суроосу таза сууга байланыштуу болду. 

Ал эми Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караган Кара-Тектир айылынын тургундарынын таза суу көйгөйү толук чечилгени турат. Бул - аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын өзөктүү маселелеринин бири. Айылга таза суу тартуу долбоорунун алкагында арык казылып, сууну тартып келүү үчүн куурларды жаткыруу жумуштары кызуу жүрүп жатат. Долбоор боюнча эки скважина калыбына келтирилет. Эки насос орнотулуп, 500 кубдук суу топтоочу жай реабилитацияланат. Долбоор боюнча таза суу айылдын алты көчөсүнө тартылат. Ал эми жергиликтүү эл суу чорголорун үйлөрүнө чейин киргизүүнү колго алат. Бул жумуштарды ишке ашырууда жергиликтүүлөргө айыл өкмөтү жардам берет. 

Кара-Тектир айылынын калкынын саны 3,5 миңден ашык. Бул жумуштардын аткарылып жатканына өзгөчө жергиликтүү эл кубанып жатат. Себеби айылда таза суу тутумунун салынганына 50 жылга чукулдады. Ошондо да айыл эли таза суу менен толук камсыз болгон эмес. Ал эми эски тутум эбак пайдалануудан чыккан. Тургундар бир чакырымдай алыстагы булак менен сайдагы суудан ташып ичип келген. Эми айыл элинин ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгы толук чечилет. Ошол эле учурда Токтогул районунун Бел-Алды айыл аймагына кирген үч айылдын тургундары эки жыл мурда өз күчү менен суу тартып келишкен. Айыл өкмөтү район борборунан 40 чакырым алыс болгонуна карабай айылда ар бир үйдө суу бар. Таза суу келгени, тургундар ысык суулуу да болушту. 

Айыл өкмөтүнө караган үч айылдын тургундары 54 чакырым алыстыкка карабай, ынтымакташып ашар жолу менен арыктарды казып, сууну тартып келишкен. Бел-Алды айыл аймагын үлгүлүү деп айтса болот. Себеби айыл аймагынын тургундары ашар жолу менен көп долбоорлорду ишке ашырган. Улууларын сыйлап, кичүүлөрүнө ызаат көрсөткөн элеттиктер чоң жумуштарды жасап жатышат. Ошентип айрымдар бийликтен жардам күткүчө кээ бир айылдар өз алдынча маселелерин чечип алууда. Албетте мамлекет жарандарга зарыл болгон бардык шартты түзүүсү абзел. Ошентсе да келечекте Бел-Алды сыяктуу үлгүлүү айыл өкмөттөрдүн катары көбөйөт деген тилек бар.