Ошол эле учурда, эртең, 22-октябрда Дүйнө жүзү Жапониянын императорунун такка отуруу аземине күбө болушат. Бул иш-чара император сарайынын Сейден залында өтөт. Аземге 195 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Жалпы меймандардын саны 2500 адам болоору күтүлүүдө. Күн Чыгыш өлкөсүнүн Императорунун ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбековдун катыша турганы, мындан ары кыргыз-жапон мамилелерин бекемдөөдө зор мааниси бар.
Жапониянын Императорунун тактыга отуруу аземи жаңы мураскер катары жарыялоо боюнча ири азем. Япониянын крон-ханзаадасы Нарухито 2019-жылдын 1-майында расмий тактыга отуруп, Күн Чыгыш өлкөсүнүн 126-императору болду. Эки кылымдан бери биринчи жолу жаңы мураскер атасы - Акихито көзү тирүү кезинде императорлук ыйгарым укуктарына киришти. 2016-жылы Император Акихито өз кайрылуусунда улгайган курагы анын милдеттерин туура аткарууга жол бербейт деп белгилеген.
Жапониянын Конституциясына ылайык, Император мамлекеттин жана элдин биримдигинин символу. Ал мамлекеттик расмий жана салтанаттуу иш-чараларга катышат, Премьер-министрди, Жогорку соттун башкы судьясын бекитет жана парламенттин жыйынын ачат, мыйзамдарды жарыялап, чет мамлекеттин монархтары, президенттери менен жолугушууларды өткөрөт, Чет өлкөлөрдүн Жапонияга келген элчилерин жана Жапониянын чет мамлекеттерге кетип жаткан элчилерин кабыл алат.
22-октябрда Жапониянын императорунун такка отуруу аземи өтөт. Бул аземге 195 өлкөнүн өкүлдөрү катышат, жалпы меймандардын саны 2500 адам болоору күтүлүүдө. Жапониянын Императорунун ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катыша турганы мындан ары кыргыз-жапон мамилелерин бекемдөөдө зор мааниси бар. Жумуш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.