Президент Сооронбай Жээнбеков Жапонияга болгон иш сапарынын алкагында Токио шаарында "Tokyo Rope MFG" корпорациясынын башкы кеңсесинин ишмердиги менен таанышты. Анда компания жетекчилиги менен инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу баарлашуу болуп, жакынкы келечекке карай пландар белгиленди. Өлкө башчысынын жумуш сапарынын алкагындагы иш-чаралардын арасында Жапонияда окуп жана иштеп жаткан мекендештер менен жолугушуу да бар.
Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Токио шаарына 21-октябрда барды. Япония Императору Нарухитонун такка отуруу аземине чейин өлкө башчысынын бир катар иш-чаралары белгиленген. Токио шаарында Президент «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесинде болду. «Tokyo Rope MFG» - дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. 2017-жылы корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы ачылган. Корпорация Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Учурда Бишкек - Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.
Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017- жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.
Корпорациянын жетекчилиги менен Инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү. Шигето Танака Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.
Өлкө башчысы Кыргызстандын тоо-кен инженерлерин даярдап чыгарганы жана Бишкектеги кичи ишкананын кызматын кеңейткендиги үчүн компаниянын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул багытта иш-аракеттерди улантуу маанилүү экенин белгиледи. Жумуш сапарынын алкагында Президент Жапонияда окуп жана иштеп жаткан мекендештер менен жолугушмакчы.