Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Москвада мыйзамсыз кармалды делген эки кыргызстандык Россиянын аймагынан чыгарыла тургандыгын кабарлады. Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда эки кыргыз жараны Россиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармалууда, - деген маалымат тараган. Элчиликтен билдиришкендей, мекендештер өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузгандыгын мойнуна алып, аларга карата соттун өкүмү чыкты. Алар Россияда каттоого турбай, буга чейин эскертүү берилгендигине маани берген эмес. Мындан мурун Кыргызстандын Акыйкатчы институту Россиянын Омбудсменине мыйзамсыз кармалган кыргызстандыктарга укуктук жактан жардам көрсөтүү сунушу менен кайрылган.
Россияда 10 жылдан ашуун эмгектенип, ушул күндө ишкерлик менен алектенген мекендешибиз Кубанычбек Осмонов, мигранттар Россияда укук коргоо органдары тарабынан кара тизмеге кантип түшүп калганын сезбей калышат деген пикирди карманат. Ал жакта эл көп болгондуктан, мыйзам бузган адам дароо эле кармалбайт. Жаза тайып кылтакка илингенде гана канча жолу, кайсыл жерде, эмне кылып мыйзам бузганынды тиешелүү мамлекеттик орган өкүлдөрү далилдеп берет,- дейт ал.
Ошол эле маалда, миграция мыйзамын так сактагандар деле тартип сакчыларынын укуругуна түшүп калышы мүмкүн. Андай учурлар четтен саналарын мекендешибиз Кубанычбек Осмонов кошумчалап кетти.
Жогоруда жердешибиз Кубанычбек Осмонов айтып өткөндөй, жакында Москвада кармалган эки кыргызстандыктын тагдыры деле ушуга үндөш. Бул тууралуу социалдык тармактарда катуу талкуу жаралып, бул туралуу маалыматтар өлкөнүн Акыйкатчы институтуна жеткен. Омбудсмен Токон Мамытовдун айтуусунда, мекемеге бул өңдөнгөн кабар арбын келет. Алардын бардыгы иликтенип, башка мамлекеттерде кыйынчылыкка кабылган кыргызстандыктарга жакындан жардамдар берилүүдө.
Бул жөнүндө Кыргызстандын Россиядагы элчилиги дагы үн катты. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кармалган кыргызстандыктар өздөрү өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузгандыгын сотто айтып беришти,- деди. Жакында алардын Россиянын аймагынан чыгарылышы күтүлүүдө.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова орус бийлиги өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында ар кандай багыттагы текшерүү иштерин тез-тезден өткөрүп турат. Буга байланыштуу кыргызстандыктар миграциялык мыйзамда көрсөтүлгөн бардык шартты сактоосу зарыл. Бүгүнкү күндө Россияда каттоого турууну жеңилдетүү боюнча жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок бул азырынча маселе боюнча калып жатат,- кошумчалап кетти.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"