Жаңы жылга чейин Оштогу бардык соттук отурумдар өтүүчү залдар аудио-видео жаздыруу системасы менен камсыздалат. Азыр мындай ыкма Ош облустук жана шаардык сотто орнотулууда. Бул эреже жыл башынан тартып күчүнө кирген Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине камтылган талаптардын бири.
Соттук-укуктук реформа негизинен 3 багытты камтыйт. Сот иштерин автоматтык түрдө бөлүштүрүү, соттук отурумдарда аудио-видео жазууларды камсыздоо жана автоматташтырылган маалыматтык түйүнгө туташуу. Азыркы тапта, Оштогу жалпы 9 сот мекемеси толугу менен автоматташтырылган маалыматтык түйүнгө кошулду.
Маалыматтык түйүнгө туташууда талапка жооп бербеген сот мекемелерин оңдоп-түзөө зарылдыгы келип чыккан. Атайын ылайыкташтырылып, 2017-жылы биринчи жолу Чоң-Алай райондук сотунун имараты гана курулган.
Ал эми сот залына аудио-видео жаздыруучу тутум орнотуу, онлайн тартибин киргизүү - соттук реформадагы коомчулуктун талабы. Жабдуулар Ош облустук жана шаардык сот мекемелериндеги залдарга орнотулду. Соттук отурумдарды жазуу дискке көчүрүлүп, соттук иштерге тиркелет.
Ал эми, кылмыш иштерин автоматтык түрдө бөлүштүрүүчү программаны - соттук реформанын кан тамыры дешет. Санариптиштерүүнүн талаптарына толугу менен жооп берген мындай ыкма азырынча Ошко келе элек. Программа өндүрүшкө алынган соттук иштерди судьяларга жарандык фактордун кийлигишүүсүз бөлүштүрөт. Натыйжада, ар бир судьянын канча иш карагандыгы, кандай өкүм чыгарганы ачык маалымдалып турат.