Жолчулар суук түшкүчө ишти арбытып алуу аракетин көрүүдө. Ушул күнгө карата Бишкек - Кара-Балта каттамында курулуп жаткан жолдун 25 чакырымында асфальттоо иштери толук аяктады. Андан тышкары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы 3 фазага бөлүнгөн жол салуу долбоору боюнча курулуш иштери жүрүп жатат.
Бишкек - Кара-Балта багытында жол оңдоо иштери эки жылдан бери жасалууда. 45 чакырымга созулган жолдун теңинен көбү бүткөрүлгөн. Учурда куруучулар күн ачыкта ишти илгерилетели деп тынымсыз жумуш үстүндө. Бирок, жолчуларга тоскоолдук жараткан жагдайлар бар.
Айдоочулар жумушчуларга толук бүтө элек жолду тебелей айдап убаракерчилик жаратууда. Ишке жалпы 500дөй адам иштеп, 100дөй техника тартылган. Жолдун сапаты биргелешкен лабораторияда текшерилип турат.
Чүйдүн Сосновка посту бир жылдан бери жаңы система аркылуу иштеп жатат. Айдоочу кааласа акчаны терминалга төксө болот, же операторго төлөй алат. Накталай акча колго тийгени менен кассалык аппараттан чек берилип, маалымат салык кызматына түшөт. Баары ачык-айкын, байкалаарлык жылыштар бар, анткени өткөрүү жайынан миллиондогон өсүш байкалган. Мындай ыкма Жалал-Абад жергесиндеги Кара-Көл постунда дагы иштейт.
Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунда дагы иш токтой элек. Бул каттам боюнча өлкөдө алгачкы жолу эстакадалык эки көпүрөнүн курулушу башталды. Бирөө 1 чакырымдан узун. Экинчиси 400 метрге жетет.
Өлкөдөгү жолдун курулушуна инвесторлордун дагы салымы чоң. Алардын жардамы менен быйыл 74 чакырымга асфальт төшөлгөн. Бюджеттин эсебинен жасалган жумуштар кыйла көп.
Жолдорду паспорттоштуруу, тейлөө, кайра куруу иштерин жакшыртууга жана жолдун абалы боюнча так маалымат алууга шарт түзөт. Соңку эки жылдан бери негизги каттамдарда гана эмес, аймактардагы жолдорду оңдоого дагы басым жасалып, миңдеген чакырымдар жаңыланган.