Жаңылыктар
Алдамчылыкка шектелген жарандардын иши кайра тергелет
Кыргызстан жаңылыктары
Алдамчылыкка шектелген жарандардын  иши кайра тергелет

Алдамчылыкка шектелген жарандардын иши кайра тергеле баштады. Аны Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды. Буга чейин биздин каналга бир нече жарандар кайрылып, мүлктөрүн сатып берем деген топко алданып калышканын, каражатын кайтарып ала албай жатышканын билдиришкен. Аталган ишти иликтөөдө бир катар кемчиликтерге жол берилип, сот кайра тергөө тууралуу чечим чыгарган.

Биздин каналга алдамчылардан жабыр тарттык деген жарандар кайрылышкан. Алар сатып беребиз деген топко ишенип унаа, жер тилкелерин берип, бирок арадан айлар өтүп, жыл алмашып жатса да мүлкүн же акчасын кайтарып ала албай жатышканын айтып, арызданышкан. Алдап кетишти деп Мусаев Кудайберген, Алиев Бакыт, Эсентуров Санжар аттуу жарандарды айыптап келишет.

Үч кишиден турган топко каршы канча адам арызданып жатканы да белгисиз. Жабырлануучулар өзүлөрүнө окшоп алданып калгандар ар аймактарда бар экенин айтып жатышат. Биз соттук отурумдардан кийин кылмышка шектүүгө микрофон сунуп кайрылганбыз. Бирок ал өзү да, жактоочусу да жооп берүүдөн баш тартып, эртерээк кетүүнүн амалын издеди.

Жабырлануучу тарап кылмышка шектүүлөргө гана эмес, ишти тергеген Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерине да нааразы. Жазылган айрым арыздар иштин материалдарында жок болуп чыккан. Ошондой эле Кудайберген Мусаев гана шектүү катары белгиленип, калган эки адам суракка да чакырылбаганын айтып жатышат.

Мындай алешемдиктер соттук териштирүүдө даана байкалды. Үч инстанция тең ишти кайра тергөө тууралуу чечим чыгарган. Чуулгандуу окуя Ички иштер министрине жетип, ишти өз көзөмөлүнө алды. Аламүдүн райондук милициясы эми акыйкат иликтөө жүрөт деп ишендирип жатат.

Учурда кылмышка шектүү катары каралып жаткан жалгыз жаран да эркиндикте. Жабырлануучулардын жактоочусу ири өлчөмдө алдамчылык кылган адамды үй камагына бошотуу мыйзамсыз экенин айтты.