Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарындагы ирригациялык жана таза суу долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Президент айыл чарбасын комплекстүү өнүктүрүү фермерлер менен дыйкандарды сугат суусу менен өз убагында жана толук кандуу камсыздоодон баштала тургандыгын айтып, бул багыттагы иштерди күчөтүүнүн маанисин дагы бир ирет баса белгиледи. Андан соң, Мамлекет башчысы жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
Сооронбай Жээнбеков таза сууга байланышкан маселе республиканын бардык региондорунда этап-этабы менен чечиле тургандыгын белгиледи. Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин координацияланган иши менен бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуунун маанисин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы аталган маселелерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жаңы мамлекеттик орган - Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлгөндүгүн эске салды.
Мындан тышкары, Президент Кара-Көл шаарындагы Дүйшөнкул Шопоков атындагы №4чү орто мектептин абалы менен таанышты. Бүгүнкү күндө аталган мектептин экинчи корпусунун 1992-жылы токтоп калган курулушун бүткөрүү зарыл. Окуучулар 3 нөөмөттө окуп, жалпы билим берүүчү окуу жайынын жаңы корпусун куруу керек. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматына ылайык, аталган орто мектептин курулушу 2020-жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.