Ата-мекенге кызмат кылуу 16 жаштагы Ильярдын кичинекей кезиндеги кыялы болчу. Ал өзүнүн максатына жетти. Ильяр Талас шаарынан 9-классты аяктап келип, Дайыр Асанов атындагы аскер лицейине сынактан өттү.
Бул жылы улуттук аскер лицейине жалпысынан 518 бала тапшырган. Тандоо турунан 150сү гана өттү. Тандоо талаптарында билим деңгээли, ден-соолугунун чыңдыгы жана дене-тарбия даярдыгы бар. Жыл өткөн сайын өлкөдө аскер тармагыны тандаган жаштардын саны өсүп жатканын офицерлер белгилешет.
Лицейчилерди бүгүнкү маанилүү күнү менен куттуктоо үчүн генералдар, лицейдин мурдагы жетекчилери, аскер ардагерлери жана салтанат ээлеринин туугандары келишти. Белгилей кетсек, Кыргыз улуттук аскер лицейи миңден ашуун келечектеги офицерлерди тарбиялап чыгарган. Алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн ар кыл түзүмдөрүндө кызмат кылып жатышат.