Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум болуп өттү. Бул жолку соттук отурумда - кошумча күбөлөрдү сурак кылуу боюнча жактоочулар тарабынан өтүнүч келип түшүп, ал канааттандырылган соң, 9 күбө суралды. Алардын бири ИИМдин мурдагы кызматкери Азат Бектемиров.