Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште билдирди.
Ал Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады. Учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
Буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө жумушчу топ түзүлгөн.