Жаңылыктар
Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук териштирүүлөр башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук териштирүүлөр башталат

Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча алдын ала угуулар болуп өттү. Сотто Эмилбек Каипов төрагалык кылууда. Мамлекеттик айыптоочу Медербек Абдышев билдиргендей, бүгүн жактоочулар тарабынан бир катар өтүнүчтөр келтирилген. Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары айрым далилдерди иштин материалдарынан алып салууну өтүнгөн. Маселен, Атамбаев менен Аида Салянова жана Атамбаевдин Шамиль Атаханов менен беттештирүүлөрүнүн эки протоколун алып салуу өтүнүчү болгон. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Ошондой эле кылмыш иштин №27 томун ачыктоо боюнча өтүнүч болгон. КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 270-беренесине ылайык, алдын ала угууларда карала турган негиздердин так тизмеси көрсөтүлгөн. Ал жерде кылмыш иштин материалдарын ачыктоо жок. Мындан улам сот ал өтүнүчтү четке каккан, - деди ал.

Андан тышкары, прокурор белгилегендей, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова далилдердин катарынан сот Жапар Эрматовдун көрсөтмөсүн алып салууну өтүнгөн. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Ошондой эле, Раимжановдун жактоочулары айыпталуучунун ден-соолугун аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүүнү өтүнгөн. Мамлекеттик айыптоочу тарап, жактоочулар тиешелүү документтерди, анын абалы тууралуу медициналык корутундуну көрсөтпөгөнүн билдирип, бул өтүнүчтү четке кагууну өтүнгөн. Жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Абдышев билдиргендей, кийинки отурум 2019-жылдын 15-ноябрында өтөт.

"Материалдарда жашыруун маалыматтар болгондуктан отурум жабык түрдө өтөт", - деди ал. Мындан мурдараак ИИМден билдиришкендей, Батукаевдин бошотулушу боюнча иште сотко чейин өндүрүш боюнча 19 шектелүүчүгө билдирүү берилген. 14 шектелүүчү менен тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлса, 5 шектелүүчү кызматташуудан баш тарткан.