Жаңылыктар
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлдү

Кайсы мамлекет болбосун, билим берүү тармагын реформалоо, замандын талабына ылайык өзгөртүү, жакшыртуу - башкы максаттардан. Кыргызстанда да билим берүү системасын жакшыртуу абдан орчундуу жана маанилүү. Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү өкмөт алдына артыкчылыктуу багыт катары койгон. Натыйжада билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлыгы 1-октябрдан тарта 30 пайызга көтөрүлдү.

Гулшайыр Мырзакматова он беш жылдан бери борбор калаадагы №49 орто мектепте эмгектенет. Эмгек акыны жогорулатуу жөнүндөгү жаңылык аны кубандырды. Агартуучунун айтымында, айлык акынын көтөрүлүшү сапаттуу иштөөгө түрткү болот. Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, республикалык бюджеттен ушул жылдын калган үч айына бир миллиард алты миллион сомго жакын кошумча каражат талап кылынат. 

Ал эми 2020 жылга - алты миллиард тогуз жүз миллион сом керектелет. Билим берүүгө кошкон ар бир сом - бул ийгиликтүү экономика жана келечекте күчтүү социалдык тармак. Эскерте кетсек, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 120 миңге жакын адиске тиешелүү. Токтомду ишке ашыруу максатында министрликин кызматкерлери 2 октябрдан 7 октябрга чейин жер-жерлерде финансылык кызматкерлерге эмгек акыны кайра санап чыгуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.