Мамлекеттик ипотекалык компания “Турак жайды каржылоо” программасын ишке киргизүү алдында турат. Ал KFW немис өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын жүзөгө ашыруу максатында Кыргызстан менен Германия ортосунда турак жайды каржылоо жөнүндө келишимге кол коюлган. Аталган программа аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.
Буга чейин Германия Кыргызстанга турак жай программасы боюнча 10 миллион 500 миң евро бөлөрү кабарланган. Эки өлкөнүн өкмөттөрү түзгөн келишимдин шартына ылайык, учурда программаны жүзөгө ашыра турган атамекендик коммерциялык банктар менен келишим түзүлүүдө. Немец өнүктүрүү банкынын линиясы менен каржылана турган программа аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Өлкөнүн региондорундагы турак жайы жок тургундардын үй алуусуна шарт түзүлөт. Бул каражат 10 пайыздык жылдык үстөк менен берилет.
Бул багытта аткарылып жаткан иштерди Президент Сооронбай Жээнбеков жакында компаниянын жетекчиси менен талкуулаган. Анда мамлекет башчы жарандардын төлөө мүмкүнчүлүгүн эске алып, ипотекалык насыяны жеткиликтүү кылуу керек экенин белгилеп, ипотеканын пайыздык ченин төмөндөтүүнүн жолдорун кароону сунуш кылган. Алдыда үстөк пайыз азайганы турат.