Учурда Кыргызстандын миграция кызматы Түркия менен бул багытта кызматташуу тууралуу эки тараптуу меморандумга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Түркияда 30 миңге жакын кыргызстандык мигранттар бар. Алардын көбү менчик жумуш берүүчү агенттиктер аркылуу ишке орношот.
Диана Сопуеванын жумуш берүү агенттиги кыргызстандык жарандарга Туркиядан жумуш табууга жардам берет. Бул жерде иш күзүндө башталат. Айтымында Туркияга иштегиси келген жарандардын саны арбын. Кыргызстандык мигранттардын саны боюнча Түркия, Россиядан кийинки экинчи орунда турат.
Расмий маалыматтарга караганда ал жакта 30 миңге жакын мекендеш эмгектенет. Жарандардын көбү жумушка орноштуруучу ишканалар аркылуу кетишкен. Жумуш берүүчү медициналык камсыздоо, жол кире сыяктуу милдеттемелерди моюнга алганы менен айлык маяна жагынан маселелер болбой койбойт.
Түркиянын жумуш берүүчүлөрү кыргызстандык мигранттарга карата квота киргизүүнү пландоодо. Туркияда иштеген кыргызстандыктардын саны көп болгону менен буга чейин эки мамлекет ортосунда миграция багытында келишим кабыл алынган эмес. Жыл аягына чейин бул абал өзгөрүлмөкчү.
Миграция боюнча меморандум Түркиядагы мекендештердин шартын жакшыртуу үчүн алгачкы кадам. Эки өлкөнүн ведомстволорунун кызматташуусу расмий даражага ээ болгондон кийин маяна, квота жана башка социалдык камсыздандыруу маселелерин чечүүгө жол ачылат.